Жаратылыш ресурстары министрлиги жаш муундарды активдүү колдойт

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жаш муундарды активдүү колдойт

Дарина Усенова Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы К.Бектенов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу, ал классташтары менен биргеликте "Кыргызстандын Кызыл китеби" мобилдик тиркемесин иштеп чыккан.

Жаш иштеп чыгуучу Кыргызстандын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү киргизилген мобилдик тиркеме боюнча презентациясын ɵткɵрдү. Ал жерде аудиторияны тартуу үчүн оюн камтылган жана окуучулар үчүн кызыктуу маалыматтар киргизилген.

Жолугушууну биоресурстар башкармалыгынын башчысы К. Мамбеталиев басма сөз катчысы Исабек.к.А, жана министрликтин санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы С. Ашимов ɵткɵрүштү. Алар бул мобилдик тиркемени жайылтуунун жана өлкө боюнча масштабдаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бул иштеп чыгууну толуктоо жана өркүндөтүү зарылдыгы талкууланды. 

Жолугушуунун соңунда жаш иштеп чыгуучуга экологиялык агартууга, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого жана биоартүрдүүлүктү сактоого кошкон салымы үчүн "ыраазычылык каты" тапшырылды.