Жаратылыш ресурстары министрлиги аймактарда экологиялык маселелерди чечүү иштерин активдештирүүдɵ

Баткен өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги  аймактарда экологиялык маселелерди чечүү  иштерин  активдештирүүдɵ

Жалпы экологиялык абал боюнча Баткен облусунда маалыматтык-түшүндүрүү иштери өткөрлүп, жыйынтыгында 11-социалдык объекти, 6-таштанды жайынын абалдары менен жеринен таанышылды. 

Атмосфералык абаны коргоо боюнча социалдык мекемелерде абанын булгануусун алдын-алуу жана таштанды жайларынын абалдары боюнча,  жергиликтүү маалымат  каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. аймактагы экологиялык көйгөйлөр боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. 

Иш-чаранын алкагында Баткен шаары, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Раззаков жана Сүлүктү шаарларынын аймагында маалыматтык кампания жүргүзүлдү. 

Баткен облусу боюнча ишмердүүлүгү абага булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан 762 чарба субъектилери катталган. Ал эми таштанды жайларынын жалпы саны-55. 

Атмосфералык аба боюнча чаң газ орнотомолору көпчүлүк социалдык объектилерде жоктугу аныкталды. Аларды орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таза аба көйгөйү ири шаарларда гана эмес, аймактардагы шаарларды алдын-алуу иштери Жаратылыш ресурстары министрлигинин аткарып жаткан иштеринин алдыңкылары экени баса белгиленди. 

Таштанды жайлары боюнча, аймакта бул багытта жакшы иштер аткарылып, Баткен шаарынан башка аймактардагы таштанды жайлары- талапка жооп берээри аныкталды. Таштанды жайларынын дээрлик бардыгы трансформацияланган, бекари чуңкурлары бар, дезинфекциялык иштер дайыма жургүзулүүсү керектиги жана кароолчу пунктары ачылык айрымдарында ачыла тургандагы аныкталды. 

Баткен шаарынын “Баткен- Тазалык” муниципалдык ишканасына 28 000 сом өлчөмүндө тиешелуу иштер жетишээрлик денгээлде алынып барылбагандыгы үчун айып пул салынды.

Азыркы күндө  муниципалдык ишкана, кетирилген кемчиликтерди жоюп, таштанды жайы ирээтке келтирилүүдө. 

Бул иш-чара бардык аймактарда улантылат.