Жаратылыш ресурстары министрлги: газдаштыруу долбоорун активдүү ишке ашырууда

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлги: газдаштыруу долбоорун активдүү ишке ашырууда

Жаратылыш ресурстары министрлги: газдаштыруу долбоорун активдүү ишке ашырууда

Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев абанын булганышы боюнча чараларды аткаруу максатында,  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, жарандарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоору бекитилгендигин  эскертип, тийиштүү мамлекеттик органдарга иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмасын берди. 

Долбоорго активдүү катышуга, бардык жарандарды чакырабыз. Азыркы күндө Бишкек шаарынын жана Чуй облусунун 52 жаңы конуштары   газдаштыруудан өттү.  Жалпы газдаштыруу долбоорунун алкагында 1250 км бөлүштүрүү газ түтүкчөлөрү орнотулуп, 53 миң кожолукка газ киригизилди. 

Долбоорду ишке ашыруу “РСК Банк” жана “Айыл Банк” аркылуу жүргүзүлөт. Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо калкка жылдык пайызы 8 % өлчөмүндө турак жайдын аянтына карабастан берилет, кредиттин суммасы – 150 000 сомго чейин. 

Жеке үйдү газдаштыруунун артыкчылыктары: жылытууга чыгымдарды олуттуу үнөмдөө; үзгүлтүксүз камсыздоо (газ электр энергиясына караганда азыраак өчүрүлөт); айлана-чөйрөгө минималдуу зыяндуу чыгындылары.