Жаратылыш ресурстары министрлиги браконьерликке каршы активдүү иш алып барууда

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги браконьерликке каршы активдүү иш алып барууда

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык көзөмөл кызматы тарабынан жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча 21  жолу 136 миң сом өлчөмүндө  айып салынып, 140 миң сом өлчөмүндө доо коюлду. Мындан тышкары 32 пландык текшерүү жүргүзүлүп, 1041,5 миң сом айып салынып, 611 миң сом доо коюлду.

Ысык-Көл облусунун аймагында 2024-жылдын июль айында жүргүзүлгөн масштабдуу рейддердин алкагында мыйзамсыз кармалган 55 баш канаттуулар идентификацияланып, алардын 19у КР Кызыл китебине кирген бүркүттөр деп табылып, «Бугу-Эне» коомдук фондуна  өткөрүлүп берилди 120 миң сом айып пул салынып, пустельга, коньек аттуул 36 канаттуулар жаратылышка кое берилди.

Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүн  синтетикалык торлордон  коргоо боюнча иш-чаранын алкагында  мыйзамсыз орнотулган 800 метр синтетикалык торлор алынып, жок кылынды. Соң-Көлдүн сууларында мыйзамсыз балык уулаганы үчүн 144 970 сом доо коюлуп, 22 000 сом айып салынган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын суу объектилерин, биологиялык ресурстарды пропагандалоо, иштерди активдештирүү, коргоо жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы No 378 “Кыргыз Республикасынын суу объектилерин, биологиялык ресурстарды жана суу объектилерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр балык уулоо системаларын жок кылуунун тартиби женунде» токтом чыгарды. 

Бул токтом “Синтетикалык балык уулоочу торлорду ташып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык иштелип чыкты.

1. Токтомдо балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр балык уулоо системаларын алардын айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу максатында жок кылуу баяндалган.

2. Таштанды чыгаруунун коопсуз ыкмаларын колдонуу: 

- бардык чогултулган торлор жана электр балык уулоо тутумдары коопсуз түрдө утилизацияланат, бул техника айлана-чөйрөгө, абанын сапатына жана калк үчүн коопсуздукка минималдуу таасир тийгизет;

3. Контролдоо жана утилизациялоо экологиялык ченемдердин жана талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу экологиялык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

  4. Аны ишке ашыруу суу объектилериндеги синтетикалык калдыктардын көлөмүн, абага зыяндуу заттарды чыгарууну бир топ кыскартат жана өлкөдөгү экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат.