Жаратылыш ресурстары министрлиги: Катуу отундун сапаты боюнча жүргүзүлгөн анализдер эң жогорку тармактык талаптарга жооп берет

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги: Катуу отундун сапаты боюнча жүргүзүлгөн анализдер эң жогорку тармактык талаптарга жооп берет

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Экологиялык мониторинг департаментинин адистери өздөрүнүн жогорку кесиптик деңгээлин тастыктаганын билдирет. Алар эл аралык лабораториялык сыноо программасына — «Көмүр-2025-1» конкурсуна (Москва шаарында) — катышышты.

Лабараториялык аралык салыштырма сыноолордун жүрүшүндө департаменттин адистери изилдөөлөрдүн жогорку тактыгын көрсөтүштү. Бул катуу отундун сапатын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн анализдер эң жогорку тармактык талаптарга жооп берерин тастыктайт.

Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу менен катар министрлик прибордук базанын толук даярдыгын да камсыздады. Экологиялык мониторинг департаментинин бардык өлчөө техникалары өз убагында мамлекеттик текшерүүдөн (поверкадан) өткөрүлүп, лабораториялык жабдуулар Стандартташтыруу жана метрология борборунда аттестациядан жана калибрлөөдөн өткөрүлдү.

Бул өлкө үчүн эмнени билдирет?

Кадрлардын жогорку квалификациясы жана жабдуулардын так жөнгө салынышы экологиялык экспертизаларда каталардын болушун дээрлик жокко чыгарат. Мамлекет жана бизнес үчүн бул төмөнкүлөрдү билдирет:

көмүрдүн сапатын жана аны күйгүзүү учурундагы чыгындыларды объективдүү көзөмөлдөө;

талаштуу жагдайларда анализдердин жыйынтыктарынын юридикалык жактан корголушу;

айлана-чөйрөнүн мониторингинин ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү.

Министрлик экологиялык жана техникалык көзөмөлдүн сапатын системалуу түрдө жогорулатуу саясатын улантып, көзөмөлдүн алдыңкы ыкмаларын киргизип жана техникалык базаны эл аралык стандарттардын деңгээлинде кармап турууда.