Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Snow Leopard Trust Дубовый паркында интерактивдүү акция өткөрөт

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Snow Leopard Trust Дубовый паркында интерактивдүү акция өткөрөт

Эл аралык ак илбирс күнүнө карата (23-октябрь) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Snow Leopard Trust уюмунун колдоосу менен Бишкек шаарында «Global Snow Leopard AR Hunt» аттуу интерактивдүү AR-квестти өткөрөт.

19-октябрдан 25-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Дубовый паркында каалоочулардын баары таза абада сейилдеп, кызыктуу интерактивдүү иш-чарага катыша алышат. Ал үчүн ARLOOPA тиркемесиндеги картаны ачып, ак илбирстин издери белгиленген багыттарды ээрчүү жетиштүү болот. Натыйжада кадимки сейилдөө кызыктуу AR-квестке айланып, парктын аллеяларында жапайы жаныбарлардын 3D-моделдери пайда болуп, ак илбирс тууралуу добуш аркылуу кызыктуу маалыматтар берилет.

Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символу. Өлкөбүздүн демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү деп жарыялаган. Бул демилгени колдоо максатында былтыр #23FOR23 аттуу глобалдык кампания башталган. Ага дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн жаштар, блогерлер, спортчулар жана экологиялык активисттер катышып, тоолордун сакчысы болгон ак илбирсти коргоого арналган сейилдөө, чуркоо жана тоого чыгуу сыяктуу физикалык активдүүлүккө 23 мүнөт бөлүшкөн.

Акцияга каалоочулардын баары катыша алат. Ал үчүн Дубовый паркына келип, ARLOOPA тиркемесин ачып, белгиленген багыт боюнча жүрүү, 3D-ак илбирс менен AR-сүрөткө түшүү жана аны социалдык тармактарга #23for23 хештеги менен жарыялоо жетиштүү.


Расмий хештегдер: #23for23 | #SnowLeopardDay