«Ысык-Көл» экология-экономикалык тутумунун социалдык-экономикалык жана экологиялык абалы изилденет
11-апрель 2025, 13:42

2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга министрдин орун басары М. Аманкулов төрагалык кылып, жумушчу топтун курамына кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 10-марты күнү чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №147-р токтомун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоо маселеси талкууланды.
Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13- жана 17-беренелерине ылайык, Ысык-Көл көлүн сактап калуу жана анын айланасындагы аймакты натыйжалуу башкаруу максатында бир катар иштерди аткарат.
Аталган топ «Ысык-Көл» экология-экономикалык тутумунун социалдык-экономикалык жана экологиялык абалын комплекстүү изилдеп, анын туруктуу өнүгүүсүнүн Концепциясынын долбоорун иштеп чыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Администрациянын кароосуна киргизет. Ошондой эле башка бир катар маанилүү милдеттерди да аткарат.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Төрөбаев болуп саналат. Ал эми ыйгарым укуктуу жана жооптуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аныкталган.
Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү жогорудагы милдеттерди аткаруу боюнча ар тараптуу сунуштарды беришти. Ошондой эле жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси А. Азарбеков да катышты.