Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жана И. Раззаков атындагы КМТУ кадрларды даярдоодо кызматташтыкты чыңдоодо

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жана И. Раззаков атындагы КМТУ кадрларды даярдоодо кызматташтыкты чыңдоодо
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр А. Токтобаевдин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору менен жумушчу жолугушуусу өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тоо-кен, геология жана экология тармактары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелери, ошондой эле министрлик менен КМТУнун илимий-билим берүү түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү келечеги талкууланды.


Тараптар студенттерди практикага багыттап окутуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана тармактын актуалдуу талаптарына жооп берген адистерди даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүү багыттарын карап чыгышты.


Өзгөчө көңүл илим, билим берүү жана мамлекеттик сектордун ортосундагы байланышты чыңдоого, ошондой эле өлкөнүн кадрдык жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду. 


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташтыкты андан ары кеңейтүү жана жаш адистерди даярдоо кызыкчылыгында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу макулдашылды.