"Жашыл ишкер": бизнес менен мамлекет туруктуу келечек үчүн биригүүдө

Чүй өрөөнү
"Жашыл ишкер": бизнес менен мамлекет туруктуу келечек үчүн биригүүдө

Пластик калдыктарын азайтуу саясатын ишке ашыруунун алкагында Министрлик «Жашыл ишкер» аттуу тегерек үстөл өткөрдү. Ага бизнес коомчулугунун өкүлдөрү — «Шоро» ЖЧКсы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖЧКсы, «Азия Ритейл» ЖЧКсы, «Умай Групп» ЖЧКсы, «Партнёр Нефть» ЖЧКсы жана пластикти кайра иштетүүчү компаниялар катышып, «мамлекет + бизнес» форматында натыйжалуу кызматташуу талкууланды.

Өлкөдө айланма экономиканы өнүктүрүү, бизнес арасында ESG рейтингин жогорулатуу боюнча дени сак атаандаштык түзүү жана мамлекет тарабынан «Жашыл ишкер» брендин ыйгаруу максатында Министрлик жашыл долбоорлорду колдоого жана өнөктөштүккө чакырды.

Министрлик экологиялык жоопкерчилик, социалдык катышуу жана корпоративдик башкаруунун сапатын камтыган биргелешкен кызматташтык гана туруктуу бизнес өнүгүүсүнө жана өлкө экономикасынын өсүшүнө алып келерин белгиледи.

Министрдин биринчи орун басары Сейдалиев Ж.К. белгилегендей жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кошкон колдоо жана бизнести экологиялаштырууга берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал айланма экономикага өтүүдө бизнестин негизги ролун белгилеп: «Пластик менен булгануу — глобалдык көйгөй, бирок Кыргызстан инновациялар жана өнөктөштүктөр аркылуу Борбор Азияда лидер боло алат».

Тактап айтканда, заманбап жашыл технологияларды — бонус системасы бар фандоматтарды орнотуу маселеси талкууланды. Мындай чечимдин негизги максаты — калкты таза ПЭТ бөтөлкөлөрдү жана алюминий банкаларды тапшырууга шыктандыруу, адат калыптандыруу, экологиялык маданиятты жана коомдогу ишкерликти жогорулатуу болуп саналат.

Фандоматтарды орнотуу үчүн ылайыктуу жайлар катары соода түйүндөрү, базарлар, май куюучу жайлар, фудкорттор жана окуу жайлары сунушталды. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар ийгиликтүү тажрыйбалары жана сунуштары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле өлкөдө полимер пакеттери чектөө демилгесинин алкагында бизнеске экологиялык таза пакеттерге өтүү сунушталды.

Тегерек үстөл нөлдүк пластик булганууга жетишүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан аркы натыйжалуу кызматташуу тууралуу чечим менен жыйынтыкталды.