Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги: «Карала-Арча Экофест 2025» — ак илбирсти сактоого жана экотуризмди өнүктүрүүгө карай кадам
11-август 2025, 10:50
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда «Карала-Арча Экофест 2025» аттуу экологиялык фестивалды өткөрдү. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын түштүк тарабында жайгашкан Карала-Арча жергесинде болуп өттү.
Фестивалдын максаты — Кыргыз Республикасынын улуттук символу катары таанылган ак илбирсти коргоого көңүл буруу жана экотуризмди өнүктүрүү аркылуу туруктуу өнүгүүнүн маанилүү багыттарын илгерилетүү.
Министр М. Машиев фестивалдын жүрүшүндө мындай деп белгиледи:
«Жаратылышты коргоо — бул жалпы улуттук милдет. Ар бир жарандын катышуусу жана мамлекеттик колдоо талап кылынат. Адам — табияттын ажырагыс бөлүгү. Табиятты сактоо — бул келечекке кам көрүү.»
Фестивалдын программасында:
Кыргыз элинин табият менен болгон тарыхый жана руханий байланышы,
Региондун маданий мурастарын даңазалоо,
Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун заманбап ыкмаларын сунуштоо каралды.
Министрлик ошондой эле төмөнкү пландарын жарыялады:
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын санын көбөйтүү;
Экотуризм жаатындагы стандарттарды күчөтүү;
Эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү — GSLEP, ПРООН, Snow Leopard Trust, NABU, WWF жана башкалар менен.
Ак илбирс — кыргыз элинин эркиндигинин жана рухунун символу. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен расмий түрдө улуттук символ катары таанылган.