КР Жаратылыш ресурстары министрлиги биокоопсуздуктун улуттук тутумун чыңдоодо
30-март 2026, 14:39
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык жана биологиялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу боюнча жигердүү ишин улантууда.
27-мартта Ош шаарында Жаратылыш ресурстары министрлиги БУУнун ФАО жана Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борбору (БА РЭЦБ) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында биокоопсуздуктун улуттук механизмин ишке ашыруу» стратегиялык долбоорунун алкагында семинар өткөрдү. Иш-чара Картахена протоколуна ылайык, ГМО менен иштөө чөйрөсүндөгү жетектөөчү принциптерди иштеп чыгууга багытталган.
Министрлик үчүн өлкөнүн уникалдуу экосистемасын коргой турган ачык-айкын жана так контролдоо механизмин түзүү артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Семинардын көңүл чордонунда мамлекеттин, илимий коомчулуктун, эксперттердин жана түздөн-түз өндүрүүчүлөрдүн — фермерлер менен айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүдө, анын ичинде КР «Биологиялык коопсуздук жөнүндө» мыйзамын жана генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди колдонуу боюнча атайын регламенттерди иштеп чыгууда негизги ролду ойнойт.
Семинардын катышуучулары ГМОнун көзөмөлсүз жайылуу тобокелдиктерин азайтуу үчүн үрөнчүлүк материалдарын алып келүү жана пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүү механизмдерин талкуулашты.
Министрликтин узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагында социалдык-экономикалык аспектилерге жана калктын экологиялык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
«Биокоопсуздук маселелери илимий экспертиза менен практикалык тажрыйбаны айкалыштырган комплекстүү мамилени талап кылат. Бул аянтчада уюштурулган мамлекет менен фермерлер коомчулугунун ортосундагы ачык диалог жаратылышыбызды коргоого жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзөт», — деп белгиледи БА РЭЦБнин Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Кубан Матраимов.