КР Жаратылыш ресурстары министрлиги жер казынасын пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүүдө: Тереккан кенине иш сапар
18-июль 2025, 17:22
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жер казынасын пайдалануу, экология жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин күчөтүү максатында министрдин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору Марат Жусупбеков Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан Тереккан алтын кени боюнча инспекциялық иш сапарын жүргүздү.
Кен иштетүү иштери кыргыз-түрк биргелешкен «Эти Бакыр Терексай» компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Иш сапардын алкагында М. Жусупбековдун жетекчилиги менен өндүрүштүк процесстин негизги этаптары текшерилди:
карьердеги ачык жол менен казып алуу иштери,
алтын ылгоочу фабриканын иши,
өндүрүштүк лабораториянын ишмердүүлүгү.
Текшерүү учурунда өзгөчө көңүл өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздук талаптарынын сакталышына, объектилердин техникалык жабдылышына, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана өндүрүштүк иштердин лицензияга толук ылайык аткарылышына бурулду.
Жер казынасын пайдалануу абалын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу — Министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.