Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ыкмалар менен өткөрүп берүүнү жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишти жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөнгө чейин лицензияны өткөрүп берүү мүмкүн эместигин билдирет

Чүй өрөөнү
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ыкмалар менен өткөрүп берүүнү жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишти жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөнгө чейин лицензияны өткөрүп берүү мүмкүн эместигин билдирет

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ыкмалар менен өткөрүп берүүнү жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишти жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөнгө чейин лицензияны өткөрүп берүү мүмкүн эместигин билдирет.

Лицензия боюнча укуктарды өткөрүп берүүнүн натыйжасында лицензиянын башка жакка өтүшү лицензия алууга теңдештирилет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бонустун төлөнүшүнө алып келет, мында лицензияны өткөрүп берүү жер казынасын пайдалануучунун бонустун, роялтинин жана жер казынасын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасын төлөө боюнча карызы жок болгондо гана мүмкүн болот.

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 351-беренесине ылайык, уставдык капиталдын катышуучуларынын (акционерлеринин) курамын жана/же үлүштөрүн (акцияларын) өзү менен кошо өзгөрүүгө алып келбеген юридикалык жактын мураскер болуусунун, аны кайра уюштуруунун натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жер казынасын пайдалануу укугун башка жакка өткөрүп берүү салык салуунун объекти болуп саналат:

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген мөөнөттө бонусту жана/же лицензиялык төлөмдөрдү төлөбөө жер казынасын пайдалануу укугун токтото турууга, андан кийин жер казынасын пайдалануу укугун токтотууга алып келет . 

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2018-жылдын 

29-ноябрындагы №561 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарына лицензиялык макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү маселесин кароо кирет.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоону сунуштайт.