Шопоков шаарында ДМЧА бар балдарга Жаратылыш ресурстары министрлиги жаңы жылдык жардам көрсөттү
30-декабрь 2025, 16:28
Чүй өрөөнү
Шопоков шаарында ДМЧА бар балдарга Жаратылыш ресурстары министрлиги жаңы жылдык жардам көрсөттү
Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук жардам көрсөтүү үчүн биригишти.
Жаңы жылдык корпоративдик иш-чаранын ордуна министрликтин жамааты чогултулган каражатты ДМЧА бар балдар үчүн атайын коляскаларды жана майрамдык таттууларды сатып алууга багыттады.
Министр М. Машиевдин жетекчилиги астында министрликтин кызматкерлери Шопоков шаарындагы үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө барып, зарыл болгон жардамды тапшырып, тарбиялануучуларды келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.
Министр М. Машиев өзгөчө камкордукка муктаж балдарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелер коом үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты.
Балдар үйүнүн жамааты министрликтин кызматкерлерине көрсөтүлгөн көңүл буруу жана жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.