Жаратылыш ресурстар министрлиги Кант шаардык мэриясына 28 миң сом айып салды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги Кант шаардык мэриясына 28 миң сом айып салды

Ысык-Ата районунун Гагарин айылындагы таштанды таштоочу жайда таштандыларды өрттөө фактысы боюнча Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруу тартибин бузгандыгы үчүн Кант шаарынын мэриясынын «Эмгек Люкс» ишканасынын жетекчисине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин No230-беренесине ылайык кылмыш иши боюнча протокол түзүлүп, 28 000 сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө токтом чыгарылды.Учурда Кант шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан таштанды таштоочу жайдагы өрттү локалдаштыруу (өчүрүү) иштери жүрүп жатат. Учурда бульдозер менен катуу таштандынын калдыктарын тегиздөө иштери уланууда. Кант шаарынын мэриясы таштанды таштоочу жайда жайгашкан түтүндү жок кылуу жана андан ары күйүп кетүү иштерин көзөмөлдөөдө.