Жаратылыш ресурстары министрлиги 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды

2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.             

    Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тɵрагасынын орун басары Б.Тɵрɵбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, министр М.Тургунбаев баштаган коллегия мүчөлөрү жана борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.         

    2023-жылдын жыйынтыгы  талкууланып, 2024-жылга коюлган милдеттер белгиленди. Төмөндө министрликтин  ишинин негизги жыйынтыктарын келтиребиз.


Геология тармагы


Жалпысынан кен байлыктарды казууда: 2022-жылы 46,9 млрд. сом болсо, 2023-жылы 56,1 млрд. сом болуп, өсүш 19,5 % түздү. Тоо-кен ишканалары төлөгөн салыктар: 2022-жылы  31,5 млрд. сом болсо, 2023-жылы 33,07 млрд. сом болду. 2023-жылы жалпысынан 192 лицензия берилди.

Мамлекеттик ишканаларга 2022-жылы 25 лицензия берилсе, 2023-жылы 45 лицензия берилген. 


Экология тармагы


Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча 

2023-жылы бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Смог көйгөйү эң азында 10-15% га азайды.

2023-жылы “Газпром Кыргызстан” Жоопкерчилиги Чектелген Коому менен биргеликте 9 калктуу конуш газдаштырылып, 14 092 абонент газга туташтырылды. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 47 конуштун 31 конушу газ менен камсыз болду.

Жабдууларды сатып алуу жана газга туташтыруу максатында 8-12%дан турган жалпы суммасы 1,0 млрд. сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыяларды РСК жана Айыл Банк аркылуу субсидиялоо программасы иштеп жатат.

Бишкек санитардык полигону ондогон жылдар бою күйүп келген. Бүгүнкү күндө полигондогу күйүү толугу менен өчүрүлүп, полигондун аймагы рекультивацияланууда, 2,3 га жерге 850 көчөт отургузулду.

Бишкек шаарына 850 жаңы экологиялык таза автобустар келди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Дүйнөлүк Банк менен 2023-жылдын 12-декабрында өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу долбоорун каржылоо максатында 50,0 млн. АКШ долларлык Каржылоо келишимине кол койду. Бүгүнкү күндө Келишимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялоо үчүн Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберилди.


Калдыктарды башкаруу жаатында:

- 2023-жылдын 15-августунда “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 

№ 181 Мыйзамы кабыл алынды. 

Бул мыйзам калдыктарды кайра иштетүүгө багытталган жана утилдик жыйым каралган, чогултулган каражаттар калдыктарды кайра иштетүүгө жумшалып, калдыктарды башкаруу боюнча туруктуу система орнотулат.

- 2023-жылдын 9-августунда Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимердик пленкадан жана пластик буюмдардан жасалган пакеттердин жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын № 177 Мыйзамы кабыл алынды. 

Бул мыйзамда 2027-жылдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында полимердик пленкадан жана пластик буюмдардан баштыктарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салуу каралган.

2023-жылы 4 жалпы республикалык ишембилик жана Ысык-Көл аймагында 2 жолу “Таза жээк” акциясы өткөрүлдү.

Чогултулган калдыктардын морфологиялык курамы: жалпы 3 346 тоннаны түздү. Анын ичинен:

-    пластик – 425,9 тн; айнек – 197,0 тн; 

-    макулатура - 304,3 тн; 

-    башкалар (кайра иштетилбеген) - 2419,1 тн. 

Ишембиликке жалпысынан  345 000 адам катышты.


“Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги 

№ 131 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылды.

Ысык-Көл облусунда 1 127 эс алуу жайлары жана рекреация объектилери катталды. 

Ысык-Көл облусу боюнча 126 саркынды сууларды тазалоочу курулмалар бар. 160 эс алуу жайынын канализациялык тутуму башка эс алуу жайлардын жана борборлоштурулган тазалоочу курулмаларына кошулган. 841 эс алуу жайларында тазалоочу курулмалардын жоктугу такталды.

509 000 сом өлчөмүндө 34 административдик айып салынды. Жаратылышка келтирген зыян үчүн 4,8 млн. сомго 17 доо коюлду. “Кайнар” жана “Дельфин” эс алуу жайларынын колдонуп жаткан термалдык сууну пайдалануу боюнча лицензиялары жокко чыгарылды.

“2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 

31-январындагы № 17 Жарлыгына ылайык “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында республика боюнча 5 077,78 га аянтка 7,5 млн. көчөт отургузулду. Коюлган план 500,0 миң көчөткө ашык аткарылды.

2024-жылы 8,0 млн. көчөт отургузуу пландалууда. 

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кадастры түзүлдү. Кадастрга 10 мамлекеттик жаратылыш коругу; 

13 мамлекеттик жаратылыш паркы; 64 комплекстүү, ботаникалык, зоологиялык, токой жана жаратылыш эстеликтери катталды. 

Баткен облусунда “Мадыген” мамлекеттик жаратылыш эстелиги түзүлдү.

Айлана-чөйрөнү коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Сары-Челек”, “Беш-Арал”, “Падыша-Ата”, “Кан-Ачуу”, “Алатай”, “Сарычат-Ээрташ” жана “Хан-Тенгри” өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына SMART системасы киргизилди. Егерьлер өз ара спутникалык навигациялык система менен бирдиктүү иш алып барып, мыйзамсыз аңчылар менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. SMART системасын келечекте бардык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына киргизүүнү көздөп жатабыз.

2022-жылы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына 

132 912 турист келип, 9,3 млн. сом бюджетке түшсө, 2023-жылы 170 466 турист келип, 13,0 млн. сом сом бюджетке түштү. 

          2023-жылы браконьерликке каршы атайын иш-чаралар жүргүзүлдү.

Алсак, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча 2023-жылы 300 мыйзам бузуу фактысы аныкталып 4,6 млн. сом доо коюлуп, 245 иш боюнча 3,4 млн. сом өндүрүлдү.

2023-жылы чет элдик жарандарга аңчылык кылууга уруксат берүүдөн  106,4 млн. сом, спорттук жана ышкыбоздук мергенчиликтен 10,2 млн. сом, мамлекеттик мергенчилик ырастама берүүдөн 8,4 млн. сом, жалпысынан республикалык бюджетке 125,0 млн.сом түштү.

Курчап турган чөйрөнү булгагандыгы, суу ресустары жана суу объекттерин пайдалангандыгы, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый объекттерин, мамлекеттик токой фондунун жана козу карындарды колдонгондугу үчүн каралган төлөмдөр жана экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн коюлган жыйымдар, контролдук-көзөмөл чараларын жүргүзүүдөн, өзгөчө корголуучу табигый аймактардан жана башка мыйзамда белгиленген жыйымдардын жалпы суммасы:

-    2022-жылы 954,4 млн. сом;

-    2023-жылы 1,1 млрд. сом түшүп, 2022-жылга салыштырмалуу 157,4 млн. сомго көп болду.


Техникалык кɵзɵмɵл 


Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы төмөнкү беш багыт боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырат:

1. Экологиялык контролдоо.

    2. Биоресурстарды контролдоо.

    3. Тоо-кен тармагын көзөмөлдөө.

    4. Өнөр жай коопсуздугу.

    5. Жер казынасын коргоо.

Жалпысынан 35,0 млн. сом айып-пул салынып, 22,6 млн. сом мамлекеттин казынасына өндүрүлдү.

Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 21,6 млн. сомго көп жана өндүрүмдүүлүгү дагы 16,0 млн. сомго жогору болду.