Жаратылыш министрлиги зыян тарткан чабанга тосмо менен бекемделген жаңы кашар куруп берүүгө даяр
18-июнь 2025, 11:09

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 10-11-июнь түнүндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чым-Там жайлоосунда болгон окуяга байланыштуу терең өкүнүүнү билдирет. Бул окуя жарандар М. Амазбаев менен Т. Жунушовго таандык кашарда майда жандыктардын жапырт кырылуусуна алып келген.
Алгачкы маалыматтар
Учурдагы маалыматтарга ылайык, окуя учурунда кашарда болжол менен 1 200 баш кой болгон. Мал ээлери тарабынан берилген жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган фото-видеоматериалдарга ылайык, жырткыч 10 чакты гана малга түздөн-түз кол салган. Калган мал үркүп качкан учурда бири-бирин тебелеп, кысылып калып, кырылып калган.
ЖМКларда айтылган 330дан ашуун мал кырылды деген маалымат кошумча текшерүүнү жана ар бир мал ээси боюнча тактоону талап кылат. Бул — так сандардын аныкталышы жана кайсы жырткыч кол салганы боюнча так маалымат алуу үчүн зарыл. Азырынча бул чабуул ак илбирс (Panthera uncia) тарабынан жасалганы боюнча ырааттуу жана ишенимдүү далилдер жок.
Ыкчам чаралар
1. Жабыркаган малчы менен ыкчам байланыш. Кол салуу тууралуу билдирүүдөн кийин дароо турак жай ээси менен мамлекеттик мекемелердин жана атайын экологиялык уюмдардын өкүлдөрү байланышкан. Адистер жагдайды тактап, Фото далилдерди чогултуп, алгачкы жардам көрсөтүүнү сунушташты.
2. Окуянын кайталанышын алдын алуу
Snow Leopard Foundation бул аймакта жырткычтардын кирүүсүнө жол бербеген жаңы жана бекемделген кашар курууга даяр экенин билдирген.
3. Мекемелер аралык кызматташтык жана агартуу иштери
Тиешелүү мамлекеттик органдар, илимий коомчулук жана жарандык уюмдардын катышуусу менен кеңейтилген жыйын өткөрүү пландалууда. Анда:
• Жапайы жаныбарлардын кол салуусуна жооп кайтаруу боюнча протоколдорду жаңыртуу;
• Жырткычтар байырлаган аймактарда коопсуз мал багуу боюнча малчылар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери каралат.
Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Министрлик белгилейт: жоголуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти коргоо — улуттук артыкчылыктуу багыт бойдон калат. Ошол эле учурда жарандардын өмүрүн, жыргалчылыгын жана киреше булактарын коргоо — жаратылышты коргоо саясатындагы негизги максаттардын бири бойдон калат.
⸻
Маалымат үчүн
Кыргыз Республикасындагы Snow Leopard Foundation’дун ишмердүүлүгү:
• 2022–2024-жылдары Ак-Шыйрак аймагында ар бири 350 башка ылайыкталган (15×15 м өлчөмүндө) 22 жабык кашар курулган.
• 2025-жылы Эңилчек, Колу, Кайыңды жана Таш Коро аймактарында ар бири 450–500 башка ылайыкталган (20×20 м өлчөмүндө) дагы 4 кашар курууга көмөктөшүлгөн.
• Энильчек аймагында 13 500 башка чейин майда жандыктарды изоляциялоо жана эмдөө үчүн атайын «ветеринардык раскол» курулган.
«Илбирс Фонду» коомдук фондунун ишмердүүлүгү:
• 2024-жылы Ак-Суу районундагы Койлуу капчыгайында Усупбаев Калыбек Үсөнөкүнович жана Султанов Эдик Аликовичке таандык эки бекемделген кашар курулган. Бул долбоор малды жырткычтардан коргоо боюнча эл аралык тажрыйбага негизделген.
• Күн нуру менен иштеген 20 даана жырткычтарды үркүтүүчү жарык берүүчү шайман (fox lights) сатып алынып, ар бирине 4төн берилүү менен 5 чабанга тапшырылган. Тийиштүү колдонуу нускамалары жана шаймандарды туура жайгаштыруу боюнча сунуштар кошо берилген.