Жаратылыш ресурстары, экология техникалык көзөмөл министрлиги мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык билдирүүлөрү таралып жатканын эскертет

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология техникалык көзөмөл министрлиги  мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык билдирүүлөрү таралып жатканын эскертет

Жаратылыш ресурстары, экология техникалык көзөмөл министрлиги  мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык билдирүүлөрү таралып жатканын эскертет.

WhatsApp, Telegram мессенджерлеринде жана социалдык тармактарда министрликтин жетекчилигинин атынан жасалма билдирүүлөр таратылып жаткан учурлар катталганын маалымдайт.

Алдамчылар ммнистрдин биринчи орун басары К. Касейиновдун атынан өзүн тааныштырып, белгисиз номерлерден билдирүүлөрдү жөнөтүп, «белгилүү бир маселелерди чечүүгө жардам берүү» же акча которуу тууралуу сунушташууда.

Министрлик мындай билдирүүлөргө ишенбөөнү, шектүү шилтемелерге өтпөөнү жана жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөнү катуу сунуштайт. Эгерде сиз ушундай билдирүүлөрдү алсаңыз, дароо укук коргоо органдарына билдирүүңүз керек.