Жаратылыш ресурстары министрлиги мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык билдирүүлөрү таралып жатканын эскертет.

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары  министрлиги мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык билдирүүлөрү таралып жатканын эскертет.

Жаратылыш ресурстары, экология техникалык көзөмөл министрлиги мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык билдирүүлөрү таралып жатканын эскертет.

WhatsApp, Telegram мессенджерлеринде жана социалдык тармактарда министрликтин жетекчилигинин атынан жасалма билдирүүлөр таратылып жаткан учурлар катталганын маалымдайт.
📢 Коомчулукка жана министрликтин кызматкерлерине эскертүү!
Алдамчылар министрликтин жетекчилеринин атынан өзүн тааныштырып, белгисиз номерлерден билдирүүлөрдү жөнөтүп, “белгилүү бир маселелерди чечүүгө жардам берүү“ же акча которуу тууралуу сунушташууда

⚠️ Ишенбеңиз!
📵 Жооп бербеңиз!
📍 Маалыматты тиешелүү органдарга кабарлаңыз!

Министрлик мындай билдирүүлөргө ишенбөөнү, шектүү шилтемелерге өтпөөнү жана жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөнү катуу сунуштайт.
Эгерде сиз ушундай билдирүүлөрдү алсаңыз, дароо укук коргоо органдарына билдирүүңүз керек.