Жаратылыш ресурстар министрлиги Бишкектин жана Чүй облусунун аймагындагы түтүн маселесин чечүү үчүн ыкчам чараларды көрүүдө

Чүй өрөөнү

Министрликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун абасынын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.Шамыралиевдин төрагалыгы алдында ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму болуп өттү.


Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы түтүн маселесин натыйжалуу чечүү үчүн ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.


Жыйындын жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы көмүрдүн сапатын жогорулатуу, кайра иштетүүчү завод куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берүү зарылдыгы айтылды. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте муниципалдык жана жеке ишканалар тарабынан тигүү объекттерин тескөө боюнча келишимдерди милдеттүү түрдө түзүү боюнча чараларды көрүү тапшырылды. 


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги Ички иштер министрлиги менен бирдикте автотранспорт каражаттарын жыл сайын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү маселесин кайра карап чыгуу зарылдыгы белгиленди.


Жыйынтыгында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен КР Ички иштер министрлиги тарабынан зыяндуу заттардын жол берилген нормадан ашкан транспорт каражаттарын аныктоо жана күйгүзүү боюнча күн сайын рейддер жүргүзүлүп ал иш-чаралар массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылышы тапшырылды.


Түтүндүн алдын алуу боюнча иш-чаралар республиканын бардык аймактарында жүргүзүлө тургандыктан, Ош шаарында министрликтин облустук башкармалыгы тарабынан түтүндүн алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер өлкөнүн бардык аймактарында улантылат.