Жаратылыш ресурстары министрлиги абанын булганышы боюнча бардык чараларды кɵрүүдɵ

Чүй өрөөнү

2023-жылдын  24-августунда  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча облустук башкармалыгында борбордук аппараттын бөлүм башчыларынын жана Чүй облустук регионалдык  башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү. 


Жыйында 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы боюнча  ɵттү.


Жыйында Бишкек шаарындагы УПКМ тарабынан атмосферага көмүр кычкыл газын чыгаруу боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү, Бишкек шаарынын транспорт ишканаларынын жетекчилеринин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү маселелери каралды.

Ошондой эле автотранспорттордун көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгуусуна техникалык кароодон өткөрүүдө көзөмөлдү күчөтүү жана «Бишкекжылуулукэнерго» КПнын от казандарын газдаштырууга көзөмөлдү күчөтүү маселеси каралды.


Жыйындын соңунда тыюу салынган заттарды, анын ичинде мончодогу резина жана текстилдик калдыктарды жана жеке секторду өрттөө боюнча рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.