Жаратылыш ресурстар министрлиги: Жалал-Абад областындагы өнөр жай комплексинин объектилери боюнча негизги чаралар көрүлдү

Жалал-Абад өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги: Жалал-Абад областындагы өнөр жай комплексинин объектилери боюнча негизги чаралар көрүлдү

Жогорку Кеңештин “Ыйман нуру” фракциясынын депутаттарынын катышуусунда түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия КР жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абад облусунун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырды.

Таш-Көмүр шаарында кремнийдин жарым өткөргүчтөрүн чыгаруучу "Кристалл-банкрот" ААКсынын мурдагы заводуна барганда 80 тоннага жакын коркунучтуу химиялык заттар (трихлорсилан, уу химикаттар) сакталган жери аныкталган. Финансы министрлигине коркунучтуу химиялык заттарды нейтралдаштыруу (утилдештирүү) боюнча техникалык-экономикалык негиздемени жүргүзүү үчүн зарыл болгон финансылык ресурстарды тез арада бөлүп берүү сунушталды. Мындан тышкары Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин квалификациялуу адистерин тартуу менен заводдун ишин калыбына келтирүү сунушталды.

Иштебей калган тазалоочу курулманы кароонун жыйынтыгында Комиссия тарабынан региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлордон бюджеттик каражаттардын алкагында реконструкциялоо жана модернизациялоо маселесин чечүү сунушталды.

Жумушчу сапардын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп, алар Нарын дарыясында жайгашкан көп сандаган (30) балык чарбаларына  нааразылыгын билдиришти. Алардын пикири боюнча, бул чарбалар бактериологиялык, вирустук жана башка оорулардын санынын кескин ѳсүшүнѳ себеп болгон. Буга байланыштуу алар Нарын дарыясындагы балык чарбасынын мындан ары өнүгүшүнө караманча каршы чыгышты.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин Айлана-чөйрөгө мониторинг департаменти Таш-Көмүр шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдан жана Нарын дарыясынан чыккан суулардан булганыч заттарды аныктоо үчүн үлгүлөрдү алды.

Иш-сапардын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Экология министрлиги , курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Достук айылына жакын жерде таштандыларды кайра иштетүүчү заводду жайгаштыруу маселеси каралды. Наманган облусунун кызматкерлери тараткан маалыматка караганда, учурда таштанды таштоочу жайды ныктоо жана көмүү ыкмасы менен рекультивациялоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер 1-2 жуманын ичинде бүтөрү күтүлүүдө.

 Жумушчу сапарынын соңунда Комиссия мүчөлөрү Ноокен, Аксы районунун жана Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү тургундарына алдын ала отчет берип, орун алган көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада каржылык каражат бөлүү өтүнүчү менен министрлер кабинетине кайрылуу ниетин билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттары жетектеген ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик академиялык гуманитардык университет кирди.

Маалымат үчүн: «Банкрот Кристалл» ААК заводу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансында турат.