Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу коррупцияга каршы эл агартууга багытталган семинар иш-чара өткөрдү
15-май 2024, 12:01
2024-жылдын 13-Майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын арасында "Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу" темасында иш-чара болуп өттү.
Бул семинар Кыргыз геологиялык кызматынын кызматкерлерине , министрликтин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Б.Д. Какешов, тарабынан уюштурулду.
Коррупцияга каршы агартуунун төмөнкү аспектилерине токтолуп, коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында , учурдагы коррупцияга каршы мыйзамдардын жоболорун түшүндүрүп, мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин ведомстволорунун кызматкерлеринин арасында чынчылдык жана ак ниеттүүлүк маданиятын көтөрүүнү белгиледи.
Бул иш-чара “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын” ишке ашыруунун алкагында өттү.