Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы билим берүүгө багытталган иш-чара өткөрдү

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  министрлиги коррупцияга каршы билим берүүгө багытталган иш-чара өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги (мындан ары-министрлик) ведомствого караштуу бөлүмдөрдө коррупцияга каршы агартууга багытталган иш-чара өткөрдү.

2024-жылдын 2-мартында   КР ЖРЭТКМ караштуу Тармактар аралык окуу борборунун профессордук-окутуучулук курамынын арасында "Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу" темасында семинар болуп өттү. КР ЖРЭТКМнин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Ж.Баласагына Б.Д. Какешов, КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. К. Жеенбаев жана КР ЖРЭТКМнин ички иликтөө секторунун башчысы Ж. Б. Сыдыков коррупцияга каршы агартуунун төмөнкү аспектилерине токтолушту.

Коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында бул эксперттер учурдагы коррупцияга каршы мыйзамдардын жоболорун түшүндүрүп, мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, ошондой эле КР ЖРЭТКМнын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндө мындай кѳрүнүштѳргѳ укуктук экспертиза жүргүзүү боюнча түшүндүрмө беришти.  Бул антикоррупциялык билим берүү процессинде коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, мамлекеттик жана педагогикалык ишмердүүлүккө тартылган адамдардын кеңири чөйрөсүндө чынчылдык жана ак ниеттик маданиятын жайылтуу боюнча айрым маселелер белгиленди.

Өз кезегинде КР ЖРЭТКМ караштуу Тармактар аралык окуу борборунун директору А.Б. Астаркулов конокторду жана катышуучуларды коррупциялык иштерге жол бербөө жана келечекте мындай иш-чараларды улантуу жөнүндө ишендирди.

Бул семинар А.Б. Астаркулов, Б.Д. Какешов жана Ж.Б.Сыдыковдун демилгеси менен өткөрүлдү.