Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы билим берүүгө багытталган иш-чара өткөрдү

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы билим берүүгө багытталган иш-чара өткөрдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу  Экологиялык мониторинг департаменти  жана "Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемеси КР Коррупциянын алдын алуу боюнча стратегиялык иш-чаралар планына ылайык кызматкерлер арасында коррупциянын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында семинар-тренинг өткөрүлдү.

КР ЖРЭТКМнин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Ж.Баласагына Б.Д. Какешов, «Мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу» деген темада доклад жасады.

Докладда коррупциянын алдын алуу жаатындагы акыркы мыйзамдык жаңылыктар баяндалып, чет мамлекеттердин мисалында мамлекеттик органдарда толук колдонулушу керек болгон алдын алуу чараларына токтолду:

-заманбап жана кесипкөй кадыр-барктуу мамлекеттик аппаратты түзүү (Канада, Франция ж.б.);

-өмүр бою коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу (Малайзия, Гонконг ж.б.);

- мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу (ОЭСР өлкөлөрү);

-ачык жана отчеттуу мамлекетке өтүү (Япония, Түштүк Корея, Австралия ж.б.); Өз сѳзүндѳ   КР ЖРЭТКМинин  иликтөөлөр секторунун башчысы Ж.Б. Сыдыков Семинардын жүрүшүндө өлкөбүздө коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча мамлекетибизде тиешелүү мамлекеттик органдар жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан зарыл иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Коррупциянын саясий жана экономикалык мүнөздөгү кандай көйгөйлөрүн социалдык терс көрүнүш катары түшүнүү ар бир адам үчүн маанилүү жана биз өз ишибизде коррупцияны азайтуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүшүбүз керек.