Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек шаарындагы атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча төмөнкү иштерди аткарды
07-декабрь 2023, 13:44

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Усенбековичтин 2023-жылдын 29-майында 279-р буйругу менен курамына 11 министрлик жана ведомство кирген ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
Газдаштыруу боюнча
-Бишкек шаарынын 46 турак жай массивинин ичинен 27 турак жай массиви газ менен камтылган, аларда 45 миң кожолук жайгашкан. "Газпром Кыргызстан" газдаштыруу тармагын 1250 чакырымга кеңейтип, өлкөнүн 270 миң жашоочусунун үйлөрүнө жаратылыш газын берүүнү камсыздады.
-Бишкек шаарында 9 конушту газдаштыруу боюнча 2023-жылга карата жол картасы иштелип чыгып, кол коюлду. 1-ноябрга карата 7000ден ашуун жаңы абонент газ тармактарына кошулду.
-"Бишкекжылуулукэнерго" көмүр от казандарынын 22си оңдолуп, жаратылыш газы жана башка альтернативдүү энергия булактары менен жылытууга которулган.
Транспорттук багыт боюнча
-Бишкек шаарына 1000 даана автобус жеткирүү боюнча келишим түзүлүп, 2023 - жылдын 4-кварталында Бишкек шаарына 500 даана, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет. 2023-жылдын 1-декабрына карата шаарга 744 автобус жеткирилди. -2024-жылдын апрелине чейин газ отун менен жүрүүчү автобустардын автопаркын 1500 бирдикке, анын ичинде 120 электр энергиясына жеткирүү пландалууда.
-Бишкек шаарында муниципалдык 18 электр такси иштейт. Инвестор менен алдын ала макулдашуу боюнча 2023-жылдын аягына чейин жалпы санын 120 бирдикке жеткирүү пландаштырылууда, ал эми инвестор 1000 электро таксиге чейин жеткирүүгө даяр. Ошондой эле 42 электрзаряд алуучу жай орнотулду. 1700 электромобил катталган.
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед инфраструктурасын жакшыртуу. 2023-жылга узундугу 94,4 км болгон тротуарларды капиталдык оңдоо пландаштырылган, Бүгүнкү күндө 54 км тротуар иш жүзүндө бүткөрүлдү.
Бишкек санитардык полигону абанын сапатынын начарлашына олуттуу салым кошкон (10-15%). Учурда Полигондо күйүү толугу менен өчүрүлгөн. 40 гектардан 70 гектарга рекультивация жүргүзүлүп, Полигондо муниципалдык ишканасынын аймагына 850 көчөт отургузулду. 2,3 гектар жерге токой тилкеси пайда болот.
Кара-Кече көмүр кенинде байытуучу фабриканын курулушу. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан 2023-жылдын 27-сентябрында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече кениндеги курулушка, байытуучу фабрикаларга сунуштарды тандоо боюнча инвестициялык сынак жарыялаган Tenders.kg сайтында. 2023-жылдын 4-октябрына чейин бул конкурска ылайык арыздарды кабыл алуу каралган.
Жашылдандыруу багыты
"Жашыл мурас" жана "жашыл Кыргызстан" долбоорлорунун алкагында былтыр 8 миллионго жакын көчөт отургузулса, быйыл кеминде 7 миллион көчөт отургузуу пландалууда. Ошентип, 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу менен республиканын бардык региондорун камтуу пландаштырылууда.
-Быйылкы жылы жашыл зоналардын (скверлер, кичи эс алуу зоналары) аянттарын кеңейтүү пландаштырылууда, бүгүнкү күндө 6 кичи эс алуу зонасын уюштуруу жана көрктөндүрүү иштери аяктады. Жалпы аянты 4,3 га парк зоналарын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү жүргүзүлдү.
Рейдттик иш-чаралар
69 ишкер субъектинин атмосфералык абанын булганышы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу чөйрөсүндө текшерүү жүргүзүлдү. 230-берене боюнча. Атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун тартибин бузуу бузуулар жөнүндө Кодекстин 1 696 500 сом административдик айып салынып, өндүрүлдү.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренеси боюнча «Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук жана кыймылдуу башка каражаттарды эксплуатациялоо» 10 протокол 75 000 сомго айып салынса, Кайгуул кызматы тарабынан 2023-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Бузуулар жөнүндө кодексинин 182-беренесининин Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу 1,2,7 бөлүктөрүнө ылайык 6102 протокол түзүлүп, 23 млн 183 миң 500 сом айып салынды.
Ири каржы булактары
-Дүйнөлүк банк, 50 миллион АКШ доллары кредит, долбоордун алкагында Жашыл алкак түзүү (каскаддык жашылдандыруу каралган, долбоор макулдашуу стадиясында. -Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин” (KOICA) линиясы боюнча 10 миллион АКШ доллары, грант, долбоордун алкагында абанын булганышына мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын түзүү; жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү; жашыл мейкиндиктерди кеңейтүү; абанын булганышына каршы күрөшүү саясатын иштеп чыгуу жана потенциалды жогорулатуу сунушталууда.