Жаратылыш ресурстар министрлиги ведомстволук мекемелердин, анын ичинде шаардык мэриялардын басма-сөз кызматтарынын адистери үчүн атмосферанын булганышы боюнча окутууларды өткөрдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги ведомстволук мекемелердин, анын ичинде шаардык мэриялардын басма-сөз кызматтарынын адистери үчүн атмосферанын булганышы боюнча окутууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек, Ош, Жалал-Абад мэрияларынын, ошондой эле Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулук тармагынын муниципалдык ишканаларынын аймактык кызматкерлери жана басма-сөз кызматтарынын адистери үчүн окутуучу тренинг өткөрдү. Катышуучулар абанын булгануу факторлору жана анын кесепеттери менен гана таанышпастан, коомчулукка маалымат жеткирүү жана экология маселелерине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу үчүн натыйжалуу медиа инструменттерди да колдонууну үйрөнүштү.

КРСУнун метереология жана экология кафедрасынын доценти абанын сапаты боюнча эксперт Инна Брусенская, , абанын булганышына өбөлгө түзгөн Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрү,булактары (Кыргызстандагы табигый, абаны булгоочу заттар, анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири, абанын булганышына байкоо жүргүзүү кандай жүргүзүлөрү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле абанын булганышына таасирин ачык-айкын көрсөттү, эки күндүн ичинде абанын сапаты боюнча эксперт жана пиар тармагындагы медиа эксперт 21 катышуучуга медиа чөйрөдө негизги иш көндүмдөрүн үйрөтүштү.

Абанын сапаты боюнча машыктыруучу, иш жүзүндө  абанын булганышын көзөмөлдөөчү аппарат менен көрсөттү. Мындан тышкары абанын курамы жана булгануунун түрлөрү жөнүндө айтып берди, Бишкектин аймактардагы булганышы боюнча презентация көрсөтүлдү.

Күндүн экинчи жарымында коммуникация боюнча тренер С.Байтикова социалдык тармактардын маанилүү аспектилери, оң жана терс жактары тууралуу айтып берди. Катышуучулар максаттуу аудиториянын негизги мүнөздөмөсү жөнүндө талданган топторго бөлүнүштү. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Министрликтин аудиториясын аныкташты. Ошондой эле, «Контент пландоо жана анын негизги түрлөрү» тренери С.Байтикова тарабынан да талкууланды.  Биринчи күн катышуучулар үчүн пресс-релиздерди жазуу боюнча үй тапшырмасы менен аяктады.

Тренингдин экинчи күнү - министрликтин басма сөз кызматынын иши жана Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүү жөнүндө.

Андан соң пресс-релиздер боюнча үй тапшырмасы талданып, каталар аныкталып, текстти оңдоо боюнча практикалык кеңештер берилди.  Социалдык тармактардагы билдирүүлөр жөнүндө жазуу үчүн кызыктуу жазуу учурлары.  Бул тренингдин алкагында визуалдык контентти түзүү жана мобилдик сүрөткө тартуу да талкууланды.

Тренингте катышуу жөнүндө сертификаттарды тапшыруу жана жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаранын негизги учурларына сереп салуу менен аяктады. Жалпысынан тренингге жыйырмадан ашык катышуучу катышты. Аталган иш-чара "Мувгрин"  ЮНЭП коомдук уюмдарынын колдоосу менен уюштурулду.