Жаратылыш ресурстар министрлиги инсенератор аппаратына пресс-тур өткөрдү (текстильди күйгүзүүчү аппарат)

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги инсенератор аппаратына пресс-тур өткөрдү (текстильди күйгүзүүчү аппарат)

Жаратылыш ресурстар министрлиги журналисттер менен биргеликте Бишкектин санитардык полигонунда иштеп жаткан текстилдик калдыктарды өрттөө аппаратынын иши менен таанышты.

Бишкек шаарынын санитардык полигонунун Бишкек шаарындагы участкасынын башчысы Арзыкулов Алмаз бул аппараттын иштөөсү тууралуу айтып берди, аппарат текстилдик калдыктарды жок кылуу үчүн Россия Федерациясынан алынып келинген.

Өндүрүш кубаттуулугу бир саатта 1 тонна текстилди күйгүзөт. Аппарат толук кубаттуулукта иштей элек убакыттын өтүшү менен 80 тоннага чейин таштандыны жок кыла алат. Келечекте дагы бир нече мындай аппараттарды сатып алуу пландалууда.

Бул иш Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун атмосфералык абасын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында жүргүзүлүүдө.