Жаратылыш ресурстары министрлиги Чуй облусунун Сокулук районунун жылуулук системасын текшерди

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги Чуй облусунун Сокулук районунун жылуулук системасын текшерди

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы тарабынан «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен камсыз кылуу ишканасынын филиалында , 2023-2024-жылдарга кышка даярдык боюнча рейд жүргүзүлдү.

Сокулук районунун акиминин орун басары Э. Орозбаков, «Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен камсыздоо ишканасынын» директору А.Абдылдаев, министрликтин жогоруда аталган дарек боюнча , энергетика министрлигинин Чүй облусу боюнча  көзөмөл кызматы , ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы көзөмөл инспектору жана Экологиялык техникалык кѳзѳмѳл кызматынын инспекторлорунан турган текшерүү комиссиясы ордунда иш алып барды.

 Рейдттин жүрүшүндө комиссия жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен камсыздоо” ишканасынын филиалында 2023-2024-жылдарга кышка даярдоо боюнча текшерүү жүргүзүп, эч кандай мыйзам бузуулар жана кечиктирүүлөр табылган жок. 

Ошондой эле аталган  филиалдын  базасында түшкѳн кѳмүр менен таанышып  , «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Беловодск райондор аралык «Жылуулук жана суу менен камсыздоо» ишканасынын көмүр сактоочу базасында , азыркы  учурда колдонуу  үчүн 453 тонна көмүр алынып келинген. Белгилей кетсек, Сокулук району отундун төрт түрү, көмүр, мазут, электр энергиясы жана газ менен жылытылат.