Жаратылыш ресурстары министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын 10%га чейин көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын 10%га чейин көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы өлкөнүн жалпы аянтынын 7,38% түзөт жана 10 мамлекеттик жаратылыш коругун (509,9 миң га), 13 мамлекеттик жаратылыш парктарын (724,9 миң га), 64 өзгөчө корукту (комплекстүү, ботаникалык, зоологиялык, токой, аянты 241,5 миң га), ошондой эле Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны жана Каракол шаарындагы зоологиялык паркты камтыйт.


Мамлекеттик жаратылыш коруктарында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоонун тиешелүү режимин камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй функциялык зоналар белгиленген: өзөк зонасы (негизги зона) жалпы аянты - 361720,2 га, жалпы аянты - 87448 га буфердик зона, жалпы аянты - 110304,4 га коргоо зонасы . 


Мамлекеттик жаратылыш парктары төмөнкүдөй функциялык зоналарга бөлүнөт: жалпы аянты - 346084,2 га корук режими, жалпы аянты - 48460,0 га экологиялык турукташтыруу, жалпы аянты - 34880,0 га туристтик жана рекреациялык зона, жалпы аянты-278625,7 га чектелген чарбалык  ишмердүүлүк .


Мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана парктарда 64 токой чарбасы 210 айланма жол аныкталган, анын орточо аянты 4991,1 га.өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына коргоо иш-чараларын 356 адам, анын ичинде 246 егерь/токойчулар камсыз кылат. 


Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын 10% га чейин көбөйтүү максатында азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан белгилүү иштер жүргүзүлүүдө.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги буйругу менен жалпы аянты 8160 гектарды түзгөн “Мадыген” жаратылыш эстелиги түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 7-февралындагы № 16-б буйругунун негизинде Чаткал экологиялык коридору түзүлүп, жалпы аянты 64105 гектарды түзгөн.



Азыркы учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында аянты 67 000 га "Чоң-Алай" мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу боюнча белгилүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында "Арка" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү пландаштырылууда, жалпысынан 118 147 га аянтты кеңейтүү күтүлүүдө. 


Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары

ЮНЕСКО программасы:

Адам жана биосфера

- Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу (1979).


Биосфералык коруктардын дүйнөлүк тармагы:

- «Ысык-Кѳл» биосфералык аймагы (2001).


Жаратылыш мурастарынын тизмеси (Батыш Тянь-Шань чек ара  номинациясы, 2016):

- Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу;

- Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу;

- Падыша-Ата мамлекеттик коругу.


Коргоочу аймактардын функционалдык мааниси боюнча өлкөлөр Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун төрт категориясына бөлүнөт: 

I категория – мамлекеттик жаратылыш коруктары. Жалпы аянты 509952,7 гектарды түзгөн 10 мамлекеттик корук.


II категория – мамлекеттик жаратылыш парктары, жалпы аянты 724 670,2 га болгон 13 мамлекеттик жаратылыш парктары.


III категория - биотопторду жана түрлөрдү коргоо объекттери. 45 мамлекеттик коруктар жалпы аянты 241398,7 га


IV категория – жаратылыш эстеликтери. Жалпы аянты 100 гектарды түзгөн 19 геологиялык корук.