Министрлик Ысык-Көлдөгү кырдаалды көзөмөлдөп жатат
11-июнь 2025, 13:43
Чүй өрөөнү

10-июньда социалдык тармактарда Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын пляж аймагындагы суу агымы тууралуу видео жарыяланган. Бул боюнча Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет :
Быйылкы жаз айларында пансионаттын пляж аймагында кайра куруу иштери жүргүзүлдү. Аталган иштердин алкагында сел агымдарын бурууга арналган жаңы сел өткөрүүчү канал курулган. Бул – пансионаттын жана анын айланасындагы аймактардын суу каптоо коркунучун азайтуу үчүн арналган.
Буга чейин колдонулуп келген эски канал өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп, коопсуздук талаптарына жооп бербей калган. Жаңы курулган канал инженердик талаптарга жооп берет жана эс алуучулар үчүн коркунуч жаратпайт.