Жаратылыш ресурстары министрлиги Улуттук тазалык күнүнүн алкагында “ Сейил” паркын тазалады

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги Улуттук тазалык күнүнүн алкагында “ Сейил” паркын тазалады

2025-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин жалпы жамааты министр Медер Машиевдин жетекчилиги астында “Улуттук тазалык күнү” аттуу масштабдуу экологиялык акция өткөрдү.

Экоакция иш чарасы Президент  С.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жалпы республиканын масштабында өткөрүлдү.

Борбордук аппараттын кызматкерлери "Сейил" багында , ал эми ведомстволук уюмдар   Кыргыз геологиялык кызматы, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Экологиялык мониторинг департаменти  Боз-Бѳлтѳк тоосунда тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Акциянын негизги максаты – таштандыларды  өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.

Таштандылар иргелет жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан чыгарылат. Бул жолу акция ошол эле алгоритм боюнча өттү.

Бардык регионалдык мекемелер, Улуттук тазалык күнүндө активдүү катышышты. 

Экология — бул бир жолку акция эмес, жашоо образы. Ал эми таза өлкө — ар бирибиздин милдетибиз.