КР Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык көзөмөлдү күчөтүүдө: «Чаарат ЗААВ» кенине иш сапар
18-июль 2025, 15:30
2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору Марат Жусупбеков Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан «Чаарат ЗААВ» ААКына караштуу кенге барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын негизги максаты — кенде экологиялык, тоо-кен жана геологиялык нормалардын сакталуусун баалоо, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбестен кенди туруктуу өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Жумушчу сапардын алкагында М. Жусупбеков компаниянын учурдагы иштерине көз салып, кенде жүрүп жаткан геологиялык чалгындоо иштерин көрүп чыкты. Учурда компания 3319 АЕ лицензиясынын негизинде Чыгыш Чаарат лицензиялык аянтында пайдалуу казындылардын запасын көбөйтүү максатында геологиялык изилдөө-буроо иштерин жүргүзүүдө. Техникалык долбоорго ылайык жалпы 9000 чап п.м. буроо пландалган, бүгүнкү күнгө карата 5000 чап п.м. ашык иштер аткарылды.