Жаратылыш министрлиги браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө. Ортоазиялык күндузга 20 000 сом айып каралган

Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлиги браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө. Ортоазиялык күндузга  20 000 сом айып каралган
Жаратылыш министрлиги браконьерликке каршы күрөштү күчөтүүдө. Ортоазиялык күндузга  20 000 сом айып каралган


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо боюнча катуу чараларды көрүүнү улантууда.


Министрликтин инспекторлору өлкө боюнча туруктуу негизде рейддик иш-чараларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүп келишет. Бул иштер жарандардан келип түшкөн маалыматтардын негизинде да жүргүзүлөт. Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу боюнча аныкталган бардык фактылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.


Министрлик Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн мыйзамсыз жок кылгандыгы үчүн мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралганын эскертет.


Мыйзамсыз алынган жаныбар үчүн келтирилген зыяндын өлчөмү төмөнкүдөй:


Ортоазиялык күндуз, мензбир сууру 20 000с


Бранд Индия кирписи, Суусар, чаар күсөн 10 000с


Жейре узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, кол канат жарганаттар (бухара така тумшуктуу жарганат жана кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк жана Северцов) 10 000с


Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат жана мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу 108 ишеним телефону аркылуу билдирүү мүмкүн экендигин кабарлайт. Маалымат берген адамдардын купуялуулугуна кепилдик берилет.