Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдө тазалоочу курулмаларды текшерип, пластикти чектөө боюнча иш аракеттерди көрдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдө тазалоочу курулмаларды текшерип, пластикти чектөө боюнча иш аракеттерди көрдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл биосфералык аймагында масштабдуу экологиялык акция өткөрдү. Комплекстүү иш-чаралар курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин тазалоочу курулмаларын текшерүүгө, ошондой эле аймактагы соода түйүндөрүндө пластик пакеттерди колдонууну кыскартууга багытталган.

Акциянын жүрүшүндө министрликтин адистери пансионаттарды жана эс алуу зоналарын текшерип, объекттердин ээлерине тазалоочу курулмалардын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана экологиялык стандарттарды так сактоо зарылчылыгы тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү берилди.

Министрлик туристтик жана бизнес объекттерди заманбап жана коопсуз саркынды сууларды чыгаруу тутумдарына өтүүгө чакырат.

Ошондой эле, Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери айрым пластик буюмдарын жана полимердик пакеттерди колдонууга чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу аймактагы дүкөндөрдө жана соода маркеттеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Соода секторуна коюлган негизги экологиялык талаптар:

Альтернативага өтүү: Ири соода тармактары жана маркеттер таңгактоонун экологиялык жактан коопсуз түрлөрүнө этап-этабы менен өтүшү керек.

Сапатты көзөмөлдөө: Пакет өндүрүүчүлөр продукциянын биоажыроочулугун расмий түрдө тастыктаган шайкештик сертификаттарын берүүгө милдеттүү.

Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн аялуу биосфералык аймагында полимердик материалдарды колдонууну азайтуу боюнча иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзүп келет. Түшүндүрүү иштери ишкерлер менен соода түйүндөрүнүн администрацияларынын жана облустун тургундарынын арасында да улантылат.