Министрлик экологиялык көзөмөлдү күчөтүүдө: “Кичи Чаарат” кенине иш сапар

Жалал-Абад өрөөнү
Министрлик экологиялык көзөмөлдү күчөтүүдө: “Кичи Чаарат” кенине иш сапар

2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору Марат Жусупбеков “Кичи Чаарат” кенине барды.

Иш сапардын негизги максаты — жаратылыш ресурстарды коргоо, тоо-кен жана геологиялык талаптардын аткарылышын баалоо, ошондой эле кен байлыктарын туруктуу, айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен өздөштүрүү перспективаларын талкуулоо болду.

Жолугушуу учурунда “Кичи Чаарат” ААКнын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде министрдин орун басары жер казынасын пайдаланууда жоопкерчиликтүү мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, кен иштетүү экосистеманын бузулушуна алып келбеши керек жана табигый балансты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк калууга тийиш.

«Биздин максат — жер казынасын өнүктүрүү гана эмес, табиятка зыян келбешин камсыз кылуу. “Кичи Чаараттын” техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) кайра карап чыгып, кендин жалпы аянтында толук кандуу геологиялык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул алтын жана жездин запастарын көбөйтүүгө шарт түзөт. Иштер аяктагандан кийин бул жерде бузулган жер калбашы керек. Биз аймак өнүгүп, экология сакталып калуусун каалайбыз», — деп белгиледи Марат Жусупбеков.

Өз кезегинде “Кичи Чаарат” ААКсынын жетекчилиги кен казуунун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн шарттарды түзүү боюнча пландары бар экенин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөөнү системдүү түрдө улантууда, бул багытта экологиялык коопсуздукка, долбоорлордун ачыктыгына жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарына өзгөчө басым жасалууда.