КР Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык көзөмөлдү күчөтүүдө: «Вертекс» кенине болгон иш сапар

Жалал-Абад өрөөнү
КР Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык көзөмөлдү күчөтүүдө: «Вертекс» кенине болгон иш сапар

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Марат Жусупбеков ОсОО «Вертекс Голд Компани» иштетип жаткан өндүрүштүк участокту (Жамгыр кени) жеринде көрүп чыкты.


Иш сапардын алкагында М. Жусупбеков өндүрүштүк объекттин учурдагы абалы, фабрикадагы технологиялык процесстер жана мурда жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо менен өндүрүштүк иштердин жыйынтыктары менен таанышты.


Белгилей кетчү жагдай, буга чейин компаниянын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Бул ишке киргизуу жумуштары жүрүшүндө кендин курамындагы өзгөрүүлөрдөн улам жаралган технологиялык кыйынчылыктар менен байланыштуу болгон.


Комиссиянын иш сапарынын жыйынтыгында компаниянын жетекчилигине төмөнкү сунуштар берилди:


6 айдан 9 айга чейинки мөөнөттө өндүрүштүк ишмердүүлүктү кайра жандандыруу;


Кошумча изилдөө иштеринин негизинде Жамгыр кенинин рудасын кайра иштетүүнүн оптималдуу технологиясын аныктап, технологикалык регламентке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана алардын негизинде алтын ылгоо фабрикасынын ишин кайра баштоо;


Минералдык сырьёну кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу;


Пайдылуу казындылардын көлөмүн тактоо, көбөйтүү жана касиеттерин аныктоо максатында кошумча чалгындоо иштерин жүргүзүү;


Министрлик компанияга ички процесстерди активдештирип, жогорудагы сунуштарды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ишке ашырууну карап чыгууну сунуштайт.