Жаралыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамдын сакталышына контролду күчөтөт

Чүй өрөөнү
Жаралыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамдын сакталышына контролду күчөтөт

Экологиялык кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган нормаларды сактоо алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Бишкек жана Аламүдүн регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери ММК жана муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте рейд өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты жеке мончолордо жана башка объекттерде тигүү калдыктарын мыйзамсыз өрттөө учурларын аныктоо болду.

Тигүү калдыктарын өрттөө жергиликтүү тургундардын жана экосистеманын ден - соолугуна олуттуу коркунуч туудурат, анткени процессте уулуу заттар, анын ичинде диоксиндер жана оор металлдар бөлүнүп чыгат-бул заттар олуттуу ооруларга алып келип, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Рейд учурунда 10 мончо текшерилген, бирок өрттөлгөн фактылар тастыкталган эмес. Ошого карабастан, кырдаал туруктуу көзөмөлдү талап кылат. "Экологиялык коопсуздук-бул биздин жалпы жоопкерчилигибиз жана таштандыларды башкаруу эрежелерин бузуунун ар бир учуру адамдардын ден соолугуна жана жаратылыштын абалына терс таасирин тийгизет. Мончо мештеринде тигүү калдыктарын өрттөөгө мыйзам жол бербейт жана өтө кооптуу. Биз бул мыйзам бузууларды аныктоону улантып жатабыз жана мындай ар бир окуяга катуу бөгөт коюлат. Биздин максат-күнөөлүүлөрдү жазалоо гана эмес, мындай аракеттердин кесепеттери жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу", — деп белгиледи Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча  регионалдык башкармалыгынын  башкы инспектору А.Жумаетаев.

Жаратылыш министрлиги таштандылар менен иштегендерге белгиленген нормаларды сактоону, ал эми жарандар ар кандай шектүү учурлар тууралуу 108 номери боюнча ишеним телефонуна кабарлоону суранабыз.