Жаратылыш ресурстар министрлиги: “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында мониторинг жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги: “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында мониторинг жүргүзүлдү

Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиевдин тапшырмасы боюнча 19-август 2024-жылы Бишкек шаары боюнча "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында. Министрликтин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы, экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Бишкек регионалдык башкармалыгы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан жашыл бактарды инвентаризациялоо жүргүзүлдү .

Биринчи барган жер К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин аймагы болуп, анда университеттин бардык аймагындагы жашыл бак-дарактарды сактоо жана аларга кам көрүү боюнча айрым кемчиликтер аныкталды.Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы тарабынан окуу жайдын жашыл аймагына кам көрүү жана кароодогу кемчиликтерди жоюу боюнча билдирүү берилди.

Андан ары маршрут боюнча Түштүк магистралдагы Жеңиш багында болдук , ал жерде "Жашыл Мурас" долбоорунун алкагында жаңы көчөттөр текшерилди.  Жашыл аймактарга кам көрүү процесси,  таза абага тийгизген таасири жөнүндө маалымат берилди. Даир Асанов атындагы сейил бактын бөлүм башчысы Б. Бакытбек уулу сейил бактын иш процесси тууралуу айтып берди.