Жаратылыш ресурстар министрлиги: Кыргызстанда түстүү жана баалуу металлдар боюнча жаңы прогноздук-металлогендик карталар түзүлдү

Чүй өрөөнү

КМШ өкмөттөр аралык кеңешинин 27-отурумунда Кыргыз геологиялык кызматы Кыргызстанда жүргүзүлгөн металлогендик изилдөөлөр жана минерализациянын локалдык болжолдору боюнча такталган маалыматты сунуштады.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев түстүү жана баалуу металлдар боюнча жаңы прогноздук жана металлогендик карталар ийгиликтүү иштелип чыкканын белгиледи.

Министрдин орун басары өз сөзүндө Гидрогеологиялык кызматтын ишинин маанилүүлүгүн да баса белгиледи. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында суу алгычтарды изилдөө жана жер астындагы суулардын деңгээлине жана агымынын ылдамдыгына пландуу байкоолор жүргүзүлүүдө. Бул чаралар суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана потенциалдуу геологиялык тобокелдиктердин алдын алууга көмөктөшөт.

Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 27-отуруму өтүп жатканын эсиңиздерге салабыз.