Жаратылыш ресурстары министрлиги, Миң-Куштагы радиациялык фон нормалдуу

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги, Миң-Куштагы радиациялык фон нормалдуу

Жаратылыш ресурстары министрлиги, Миң-Куштагы радиациялык фон нормалдуу

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, 2024-жылдын 1 июнунда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “ЭРН-Строй” ЖЧКнун жүк ташуучу унаасы көпүрөдөн кулашына баланыштуу, авариянын себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссия түзүп, кырсыкты иликтөө боюнча бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. 

Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргыз Республикасынын тоо-кен металлургия профсоюзу, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмү кирди.

Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, нормалду экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок.  Андан тышкары, суунун-жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышты. Үлгүлөрдүн жыйынтыгы  он беш күн ичинде чыгарылат.