Жаратылыш ресурстары министрлиги: калдыктар, өндүрүш жана керектөө маселелери боюнча активдүү иш алып барууда

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги: калдыктар, өндүрүш жана керектөө маселелери боюнча активдүү иш алып барууда

Таштандылар менен иштөөнү активдештирүү алкагында министрлик тарабынан 2023-жылдын 15-августундагы №181 «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы редакциядагы мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынган.

Аны Мыйзамга ылайык келтирүү максатында ӨКЖ (кеңейтилген өндүрүүчүнүн жоопкерчилиги) киргизилди жана 28, 29-беренелерге “Кайра иштетүү үчүн алым”, “ERR” түшүнүктөрү киргизилди, бул бардык түрлөрүн милдеттүү түрдө кайра иштетүүнү билдирет. Калдыктардын керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлар үчүн өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан кайра иштетүү акысын алуу менен кайра иштетүүгө жаткан калдыктар (акыры товарлардын жана таңгактардын калдыктарына айланат).

Ошондой эле, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди алар төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинде; 

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде; 

- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-ж 19-июндагы  № 322 “Керектөө касиетин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө керектелип жаткан товарлардын жана алардын таңгактарынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүү стандарттарын бекитүү тууралуу” токтому, кабыл алынган.