“Вики жерди сүйөт”- фотоконкурсунун катышучууларына Жаратылыш ресурстары министрлиги сыйлыктарды тапшырды

Чүй өрөөнү
“Вики жерди сүйөт”-  фотоконкурсунун катышучууларына Жаратылыш ресурстары министрлиги сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн Жаратылыш ресурстары  министрлиги  жана "Кадам" коомдук бирикмеси жана кыргыз википедиячылар менен биргеликте Кыргызстандын кооз жерлерин даңазалаган фото сынак болуп өттү.

Жалпысынан 47 катышуучу катышып, 11 байгелүү орундарга ээ болду.  Сынак 2011-жылдан бери Wikipedia платформасында жана ага тиешелүү долбоорлордо ар кандай тематикалык фото сынактар өткөрүлүп келет. Алардын эң белгилүүлөрү маданий мурас эстеликтерине жана жаратылыш объекттерине арналган "Викки эстеликтерди сүйөт" жана "Викки жерди сүйөт" номинациялары менен уюштурулган. Азыркы учурда  конкурсту өткөрүүнү  КМШ мамлекеттеринин бардыгы кирип калды.

Биотүрдүүлүк башкармалыгынын башчысы К.Мамбеталиев  жеңүүчүлөрдү министрликтин атынан даярдалган сыйлыктарын тапшырып, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна салым кошуп жаткан жаштарга ийгилик калап өттү.