Жаратылыш ресурстар министрлиги: Көлгө мотор майы төгүлгөн жерден суунун үлгүлөрү алынды

Ысык-Көл өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги: Көлгө мотор майы төгүлгөн жерден  суунун үлгүлөрү алынды

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы Алтын-Көл пансионатында катуу толкундан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, көлгө май агып жатат деген маалымат келип түшкөн. КР ЖРЭТКМне караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, мониторинг бөлүмүнүн адистери жана Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жеринде иш алып барышты. Катуу шамалдан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, мотор отсегине ( моторный отсек) суу толуп калган. Мотор отсегиндеги суу атайын машина менен сордурулуп, тазаланды. Жеринен анализдер алынды жана анализдин жыйынтыгы менен кичи теплоходдун ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөт