Жаратылыш ресурстар министрлиги: Royal Beach пансионатынан суунун үлгүлөрү алынды

Ысык-Көл өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги: Royal Beach пансионатынан суунун үлгүлөрү алынды

2024-жылдын 15-августунда интернет булактарына жарыяланган Ысык-көл районуна караштуу Чок-тал айылында жайгашкан, ООсО "Роял-Бич" эс алуу борборунда саркынды сууларды, трубаларды жер астына көмүп мыйзамсыз көлгө төгүп жатат деген маалыматты жеринде тактоо үчүн, Жаратылыш ресурстары экологиялык жана техникалык коопсуздук минстрлигине караштуу Ысык-көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана куйулуп жаткан суудан анализге үлгү алуу үчүн мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде суулардан анализге үлгүлөрдү алышты. 

Жогорудагы түтүкчөлөрдөгү көлгө куйулуп жаткан суу дренаждык жээ саркынды суу экендигин, алынган анализдин жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз. Аталган эс алуу борборун пландан тышкары ыкчам текшерүүгө улуксаат алуу үчүн экономика минстрлигине жолдомо жөнөтүлдү.