«Көчмөн малчылардын дүйнөсү»: Кыргызстан, Россия жана Казакстандын жаш таланттары эл аралык сынакта ат салышты.

Чүй өрөөнү
«Көчмөн малчылардын дүйнөсү»: Кыргызстан, Россия жана Казакстандын жаш таланттары эл аралык сынакта ат салышты.
2026-жылдын 13-майында Нарын шаарында «Көчмөн малчылардын дүйнөсү» аттуу эл аралык сүрөт сынагы жыйынтыкталды. К. Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу,Катунь биосфералык жаратылыш коругу, Катон-Карагай мамлекеттик улуттук паркы тарабынан биргеликте уюштурулган бул сынакка  Кыргызстандын, Россиянын жана Казакстандын мектеп окуучуларынан 100дөн ашык эмгектери катышты.


Сынактын негизги максаты — Жайыт жерлеринин эл аралык жылына карата өсүп келе жаткан муундун көңүлүн көчмөн маданиятына, жерге аяр мамиле кылуу философиясына буруу жана кылымдардан бери муундан муунга өтүп келген уникалдуу маданий мурасты сактап калуу болуп саналат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды, ал эми мыкты эмгектер эл аралык көчмө көргөзмөнүн негизин түзөт.