"Мото-Эндура көзөмөлдө: мыйзам бузууларды токтотуу боюнча рейд өткөрүлдү"

Чүй өрөөнү
"Мото-Эндура көзөмөлдө: мыйзам бузууларды токтотуу боюнча рейд өткөрүлдү"

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы жана Бишкек шаары менен Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы алдын алуу жана көзөмөл чаралары жүргүзүлдү.

Атап айтканда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурулуп, мыйзамсыз жүргөн жана уруксатсыз “гонка” уюштурган мото-эндура айдоочулары аныкталды. Рейддин жыйынтыгында 30 даана мото-эндура кармалып, тиешелүү тартипте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына (ГАИ) өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле 2025-жылдын 13-июнунда Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору тарабынан Аламүдүн РИИБдин ЖКК кызматкерлери менен биргеликте эндура мотоциклин арендага берүүчү субъекттерге профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында:

•        Аренда менен алектенген жеке жана юридикалык тараптарга эскертүү берилди;

•        Экологиялык жана жол кыймылы боюнча мыйзам талаптары тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

•        Аренда берүүчүлөрдөн жүрүш маршруттары жана тиешелүү уруксат берүүчү документтерди 2025-жылдын 16-июнуна чейин алып келүү талап кылынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамсыз мото-эндура айдоолорду жана аларды ижарага берүү практикаларын көзөмөлдөөнү улантат. Бул багыттагы иштер жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана экологиялык зыяндын алдын алууга багытталган.