“Баткен-тазалык” муниципиалдык ишканасына айып пул салынды
02-ноябрь 2026, 12:42
Баткен шаарындагы таштанды таштоочу жайга жакын аймакта таштандылардын өрттөлүп жатканы боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жеринен кароо жүргүзүшүп, мыйзам бузуу фактысын аныкташты.
Рейддин жүрүшүндө “Баткен-тазалык” муниципиалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык 23 000 сом административдик айып салынды.
Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы тарабынан шаардын таштанды таштоочу полигонунда көзөмөлдү күчөтүү максатында күзөт постун коюу жана видеокөзөмөл орнотуу, таштандыларды өз убагында тазалоо жагы милдеттендирилди.