Жети-Өгүз районундагы айыл өкмөттөрүнө экологиялык мыйзам бузуулар боюнча айып пулдар салынды
17-март 2025, 10:44

2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан таштанды жайларын мыйзам чегине келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Бул иш-чаралардын алкагында Жети-Өгүз районундагы төмөнкү айыл өкмөттөрүнө экологиялык талаптарды сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде айып пулдар салынды:
- Жаргылчак айыл өкмөтү– 211-берене боюнча 17 000 сом;
- Барскоон айыл өкмөтү– 115-берене боюнча 17 000 сом;
- Жети-Өгүз айыл өкмөтү– 115 жана 211-беренелер боюнча 17 000 сом;
- Оргочор айыл өкмөтү– 115 жана 211-беренелер боюнча 17 000 сом;
Жалпысынан 102 000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынып, тиешелүү айыл өкмөттөрүнө экологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамдын талаптарын сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иштерди уланта берет.