Бишкек-Ош автожолунда унаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү текшерилди

Жалал-Абад өрөөнү
Бишкек-Ош автожолунда унаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү текшерилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жана автотранспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Тактап айтканда, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Кыпчак-Талаа айылынын аймагындагы Бишкек-Ош автожолунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте текшерүү жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө жалпы 14 автоунаа токтотулуп, алардын атмосферага бөлүп чыгарган зыяндуу газдары атайын өлчөөчү жабдык — дымомердин жардамы менен текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында төрт автоунаадан чыккан зыяндуу заттардын көрсөткүчү белгиленген ченемден ашканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык төрт протокол түзүлүп, жалпы 30 миң сом айып пул салынды.


Мындай рейддик иш-чаралар атмосфералык абанын булганышын алдын алуу, экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт.